Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

М.Макфол кыргыз-казак чек арасын ачууну сунуштады


АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майкл Макфол Казакстандын тышкы иштер министри жана ЕККУнун төрагасы К.Саудабаев менен жолугушуу маалында кыргыз-казак чек арасын ачууну сунуштады. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары билдирет.

Майкл Макфол 6-апрелде “Азаттыкка” берген маегинде Астанада Кыргызстан, Казакстан жана АКШ ортосундагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүү болоорун жана АКШ президенти Б.Обаманын Кыргызстанга сапарын уюштуруу боюнча иш жүргүзөөрүн билдирген. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG