Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Мексика булуң булгаган мунай куурунун оозуна металл туулга орнотулууда


Мексика булуңунда агып жаткан мунайды токтотуу үчүн кендин оозуна атайын туулга орнотулууда. Металл туулга ээн агып жаткан мунайды кара май тартчу танкерлерге куйганга мүмкүндүк берет. Бийиктиги төрт кабат тамдай жана салмагы 100 тоннадан көп туулга 1,5 миң метр тереңде орнотулат. Деңиз түбүндө мунай бургулап жаткан “Бритиш Петрелиум” компаниясынын платформасы 20-апрелде жарылып, эки күндөн кийин чөгүп кеткен. Өндүрүштүк кырсыктан 11 жумушчу набыт болгон.
Деңиз бетинде калкыган мунайдын уюткусу АКШнын түштүк жээгинде балыкчылыкты токтотуп, чоң экономикалык зыян келтирди.

XS
SM
MD
LG