Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Тажикстанда суу ташкын 21 кишинин өмүрүн алды


Тажикстанда суу ташкындан 21 киши набыт болду. Чукул кырдаалдар министрлигинин өкүлү Дистимурод Забировдун маалымдашынча, апаатта өлгөндөрдүн он бири балдар, ал эми 48 кишинин дареги жок. Жума күнү түш ооп башталган катуу жаандан улам өлкө түштүгүндө 1500дөй турак үй зыян тарткан.

Забировдун билдиришинче, Куляб шаарын аралай өткөн дарыянын суусу түнкүсүн демейдегиден бир нече метр бийик көтөрүлүп, бир нече үйдү кыйратып кеткен.

XS
SM
MD
LG