Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Евромейкиндик: Еврону чыңдоо чаралары


Евромейкиндиктин лидерлери еврону чогуу коргошот
Евромейкиндиктин лидерлери еврону чогуу коргошот

Европа монетардык союзуна кирген 16 өлкөнүн лидерлери еврого каршы чабуулга каршы стабилдештирүү механизимин иштеп чыгалы деп макулдашты.

Алар мындай бүтүмгө ишемби күнү таң эртең Брюсселде аяктаган саммитте келишти. Бул чара Испания, Италия жана Португалиядагы кырдаалдын Грекиядагыдай нукта өнүгүшүнө жол бербөөгө тийиш. Грекиянын бюджеттик тартыштыгы 2009-жылы ички дүң жыйымдын 12,6 процентине чыгып кеткен. Бул евромейкиндиктин нормасынан 4 эседен көп.

Евробиримдик Грекияны аңдан чогуу чыгарат.

Макулдашууга ылайык, Грекия 110 миллиард евролук кредиттин 80 миллиарддын евромейкиндикке кирген өлкөлөрдөн, 30 миллиардды Эл аралык валюта фондунан алат. Үч жылга эсептелген бул акчанын алгачкы бөлүгү Афинынын эсебине 19-майда түшөт.


Ишемби күнү эртең менен аяктанган саммиттен соң Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Барросу 16 өлкө евроакчаны стабилдештирүү үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө даяр экенин маалымдады:

-Биз Грекиядагы эле эмес, бардык евромейкиндиктеги финансылык стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн зарыл кадамдардын баарын жасайбыз. Сиздер бүгүн түнү көргөндөй еврозона орток акчасы евронун тегерегине бирикти.

Өтүп бараткан жумада Лондондун, Франфурттун жана Париждин биржаларында Европанын баалуу кагаздарынын наркы 4 проценттен көпкө ылдыйлап кетти. Андан улам Евромейкиндиктин лидерлери кризиске каршы чара көрбөй жатат деген айыптоолор күчөгөн эле. Лидерлер сынды мойнуна алышып, өзгөчө кырдаал “өзгөчө чечимди” талап кылганын айтып актанышты.

Грек өкмөтүнүн анти-кризисттик планына каршы Афиныда миңдеген адамдар катышкан толкундоолор өттү. Тополоңдон бир көрүнүш. 5-май. 2010

Еврогруппанын, Люксембургдун өкмөт башчысы Жан-Клод Юнкер болсо евромейкиндик чайкоочулардын “глобалдык чабуулу” астында экенин айтып, биржаларда ойногон чайкоочуларга каршы шашылыш чара көрүү зарыл экенин белгиледи:

-Биз бүтүндөй евромейкиндик бүгүн чабуул астында деген ишенимдебиз. Жекшембинин кечине чейин еврозона менен Евробиримдиктин атынан еврого каршы жасалып жаткан жөнсүз чабуулдарга татыктуу жооп берүүбүз керек.

Жекшемби күнү Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн финансы министрлери кезексиз жыйынында жаңы планды ийне-жибине чейин тактап чыгат.

Евромейкиндиктин лидерлери еврону коргоо чарасынан башка да Евробиримдиктин бюджеттик тартибин катаалданталы, бюджеттин чыгымдарын кыскарталы, нормадан ашыкча чыгымдаган өлкөлөргө каршы санкцияны күчөтөлү деп чечишти. Ал эми Грекиядагы финансылык кризиске байланыштуу өлкө ичинде катуу сындалып жаткан Германия канцлери Ангела Меркель евроакчанын пайдубалын түптөгөн 1992-жылкы келишимди өзгөртүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG