Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Р.Отунбаева майрамдык кайрылуу жасады


Кыргызстандагы Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Улуу жеңиштин 65 жылдыгына байланыштуу коомчулукка кайрылуу жасады. Анда ал 7-апрелден кийин Кыргызстан дале оор күндөрдү баштан кечирип атканын, коңшу өлкөлөр чегараны жаап салганына байланыштуу бир топ кыйынчылыктар болуп, айдоо-себүү иштерине тоскоол болгонун, жарандык кагылыштарды чыгаруу үчүн көкүтүүлөр да болгонун айтып, жалпы кыргызстандыктарды ушундай кырдаалда бирдиктүү болууга чакырды. Ошондой эле ал, ушундай опурдалдуу мезгилге карабай совет элинин улуу эрдигин эстен чыгарбоого, ардактуу ардагерлерге сый-урмат көрсөтүп, улуу жеңишти майрамдоого чакырды.
УӨ төрайымы Роза Отунбаева бүгүн Орусиянын ордо шаарындагы Улуу Жеңиштин 65 жылдык мааракесине арналган майрамдык салтанатка Кыргызстандын лидери катары катышууда. Бул салтанатка КМШнын лидерлеринен жана КМШ өлкөлөрүнөн жана Батыш ынтымагынан келген согуш ардагерлеринен тышкары башка да эл аралык коомчулук өкүлдөрү катышып жатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG