Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Бүгүн - Улуу Жеңиш күнү


Бүгүн фашисттик Германиянын үстүнөн болгон Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнгө байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, согуштун жана тылдын ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлүүдө.

Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда шаар жетекчилиги майрамдык концерт уюштуруп, ага 1000 чамалуу согуштун жана тылдын ардагерлерин чакырышты. Майрамдары менен куттуктап аларга он жана беш миң сомдон тапшырылды.

Анын алдында Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына байланыштуу коомчулукка кайрылуу жасады. Анда ал 7-апрелден кийин Кыргызстан дале оор күндөрдү баштан кечирип атканын, коңшу өлкөлөр чек араны жаап салганына байланыштуу бир топ кыйынчылыктар болуп, айдоо-себүү иштерине тоскоол болгонун, жарандык кагылыштарды чыгаруу үчүн көкүтүүлөр да болгонун айтып, жалпы кыргызстандыктарды ушундай кырдаалда бирдиктүү болууга чакырды. Ошондой эле ал, ушундай опурдалдуу мезгилге карабай совет элинин улуу эрдигин эстен чыгарбоого, ардактуу ардагерлерге сый-урмат көрсөтүп, улуу жеңишти майрамдоого чакырды.

УӨ төрайымы Роза Отунбаева бүгүн Орусиянын ордо шаарындагы Улуу Жеңиштин 65 жылдык мааракесине арналган майрамдык салтанатка Кыргызстандын лидери катары катышууда. Бул салтанатка КМШнын лидерлеринен жана КМШ өлкөлөрүнөн жана Батыш ынтымагынан келген согуш ардагерлеринен тышкары башка да эл аралык коомчулук өкүлдөрү катышып жатат.

Бүгүн - Улуу Жеңиш күнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

XS
SM
MD
LG