Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Москвада Улуу Жеңишке арналган чоң парад өттү


Москванын Кызыл аянтында нацисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин 65 жылдыгына арналган парад өттү. Ага 11,5 миң орусиялык аскер, ошондой эле 13 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде АКШ, Британия, Польша, Британия, Кыргызстандан аскерлер катышты.

Улуу Жеңишке арналган бул парадга чакырылган сыйлуу коноктордун катарында Кыргызстандын Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева да болду. Президент Дмитрий Медведев параддагы сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштун каармандары унутулбасын айтып, эл аралык коомчулукту доордун жаңы коркунучтарына каршы биримдикке чакырды. Аскерий параддар Россиянын башка да шаарларында, Украина жана Белоруста да өттү.


Батыш Европа жана АКШда жеңиш күнү 8-майда майрамдалды.

Гитлердик Германиянын өкүлү жеңилип, багынганы тууралуу кол койгон иш-чара Борбордук Европада (Берлин, Прага ж.б.) 1945-жылдын 8-майында кечки саат 11ге жакын калган учурда болгон, ал эми Чыгыш Европада (Москва, Бишкек ж.б.) бул окуя 9-майдын алгачкы сааттарына туура келди.

XS
SM
MD
LG