Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Р.Отунбаева Кремлде Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган расмий иш-чарага катышууда


Убактылуу өкмөттүн администрация жетекчиси Эдил Байсаловдун телефон аркылуу “Азаттыкка” маалымдаганына караганда, Роза Отунбаева Кызыл Аянтта өткөн аскерий парадга конок катары чакырылган өкмөт башчыларынын катарында катышты. Ага улай бул мааракенин урматына Кремлде чет элдик жетекчилер жана эл аралык уюмдарын өкүлдөрү үчүн уюштурулган атайын кабыл алуу менен сый тамакка Р.Отунбаева да катышты.

Москва убактысы боюнча эртең мененки саат тогузда Кызыл Аянтта башталган салтанатка келген 20дан ашуун чет мамлекеттердин башчыларын Орусия президенти Д.Медведев өзү тосуп алганы гана түз эфирде көрсөтүлдү. Аны менен катар эле Москвага келген чет элдик өкмөттөрдүн башчылары дагы аскердик парадга сыйлуу конок катары күбө болушту. Алардын арасында Кыргызстандын убактылуу өкмөт башчысы Р.Отунбаева да турду. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG