Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

ЕБнын каржы министрлери "стабилдештирүү механизмин" тактоодо


Евробиримдиктин каржы министрлери Брюсселде ачылган жыйында Грекиядагы финансылык кризистин евромейкиндикке жайылып кетүүсүнө жол бербөөчү “стабилдештирүүчү механизмди” түзүүнүн жолун талкуулашат. Биримдиктин стабилдештирүү кору 60 миллиард еврого (76 миллион доллар) жакын сумманы түзөт. Жаңы планда евромейкиндикке мүчө 16 өлкө кризистик жагдайда орток кордон карыз ала алат деп каралган. Европанын айрым лидерлери план дүйшөмбү күнү фондулук биржалар ачылганга чейин ийне-жибине чейин иштелип чыгышын каалашууда. ЕБнын учурудагы төрагасы, Испаниянын каржы министри Елена Салгадо Биримдик “евроакчаны коргоп калуу үчүн бар аракетин жасаарын” билдирди.

Бирок Британиянын финансы министри Алистер Дарлинг “Еврону колдоо евромейкиндиктин мүчөлөрүнүн өз иши болуш керек” деп, чабал өлкөлөрдү Евробиримдиктин корунан насыялоого каршы турууда.

XS
SM
MD
LG