Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

О.Малеванаянын жакындары АКШ Мамдепартаментине кайрылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Оксана Малеванаянын атасы Александр Малеваный билдирди. Ал АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу Американын Мамлекеттик департаментине Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы туурасында кайрыла тургандыгын кабарлады. Ошондой эле ал О. Малеванаянын Орусиядагы достору да МамДума аркылуу талап кылууга ниеттенип жатышканын айтты. Ал эми эл аралык сотко кайрылуу, кайрылбоо маселеси бүгүн кечинде О.Малеванаянын адвокаты менен жолугушуу учурунда макулдашылат.

Президенттик Катчылыктын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 4-майда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG