Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Оксана Малеваная аягына чейин ачкачылык кармоо ниетинде


Бул тууралуу "Азаттыкка" Оксана Малеванаянын атасы Алексадр Малеваный билдирди. Анын айтымында, абакта жаткан кызынын абалын текшерүү үчүн доктурлар келген эмес. Адвокат аны менен акыркы жолу 7-майда жолугушкан жана ачкачылыкты токтотууга үндөгөн. “Бирок ал аягына чейин кармайм деп катуу турат. Аны абакта абдан коркунучтуу кылмышкер катары кармап турушат, ал толугу менен изоляцияда. Биз байланыша албай жатабыз”, - дейт А.Малеваный. Маалыматка караганда, О.Малеваная ага тагылган кылмыштардын эч бир далили, негизи жок экенин айтып, 8-майда ачкачылык жарыялап баштаган.

Президенттик Катчылыктын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 4-майда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG