Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

А. Мамасалиев Убактылуу өкмөттү сотко берүүнү чечти


А.Мамасалиев 2005-жылдагы саясий акциялардын учурунда
А.Мамасалиев 2005-жылдагы саясий акциялардын учурунда

Таратылган Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев Убактылуу өкмөттү сотко бергени жатат. Анын айтымында, өкмөттүн Жогорку Кеңештин жана Конституциялык соттун ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу декрети мыйзамсыз.

7-апрелде бийлик кулаган соң, эртеси күнү мурдагы оппозиция Убактылуу өкмөт түзүп, Жогорку Кеңешти таркатуу, анын милдетин Убактылуу өкмөткө жүктөө тууралуу декрет кабыл алган. Ошондой эле Конституциялык Сотту дагы жоюлган.

Мурдагы Жогорку Кеңештин “Ак Жол” фракциясынын депутаты Алишер Мамасалиев мына ушул чечимдерди мыйзамсыз деп атап, өкмөттү сотко бергени жатат:

-Бийлик мыйзамдуу иштеши керек. Убактылуу өкмөттүн юридикалык статусу чечилиши зарыл болчу. Экинчиден, шайлоого чейин президенттин милдетин аткаруучу шайланып, Жогорку Кенеш өзүн өзү таркатышы керек эле. Ошондо гана учурдагы бийлик легитимдүү болмок. Мындай болбогон соң, мен референдумга коюулчу Баш мыйзамда Конституциялык Сот киргизилип, кабыл алынган күнү Убактылуу өкмөттү Конституциялык Сотко берем.

А. Мамасалиевдин айтымында Убактылуу өкмөт бийликти узурпациялап алды, алар түзгөн система демократияга туура келбейт. Андыктан Убактылуу өкмөт кабыл алып жаткан декреттерге, дегеле учурдагы бийликтин жалпы ишине баа берүү үчүн Жогорку Кеңеш же дагы башка орган болушу керек дейт А.Мамасалиев:

-Учурдагы өкмөт мыйзамдарды кабыл алып эле жатат. Алардын аткарылышын дагы өзү көзөмөлдөөдө. Ал эми убактылуу өкмөттүн чечимдерин көзөмөлдөгөн эч ким жок. Демократиялуу мамлекетте бийликти сот системасы же парламент көзөмөлдөшү керек.
Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов

Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов Бакиевдин убагында бийликтин мыйзам бузууларына кыңк этпеген А. Мамасалиев эми минтип Убактылуу өкмөттү сотко берүүгө ниеттенип атканын түшүнбөй турганын айтат:

-А.Мамасалиев андай экен мурдагы бийлик учурунда эле чыгыш керек болчу. Эми, булар өзүнүн моралдык жоопкерчилигин сезбестен Убактылуу өкмөттү сотко берет имиш. Берсин сотко. Андай болсо кыргыз эли деле жөн турбайт. Калк дагы убагында мурдагы президент Курманбек Бакиевди, анын уулун, жакындарын көкөлөткөн “Ак Жол” партиясынын ар бир мүчөсүн сотко берет. Мына ошолор жоопко тартылышы керек.

”Үмүт” жаштар уюмунун лидери Тимур Саралаевдин пикиринде, Убактылуу өкмөттү сотко берүү идеясы курулай популизм менен жыттанып аткандай:

-Бир четинен А.Мамасалиевдин демилгеси жөндүү. Анткени Убактылуу өкмөт Жогорку Кеңешти таркатаардан мурда президентке импичмент жарыялап, өз бийлигин мыйзамдаштырып алса болмок. Бирок ал убакыт өттү-кетти. Ушул тапта мындай маселе көтөрүү негизсиз деп ойлойм. Орустар айтмакчы “После боя кулаками не машут”. Андыктан, Убактылуу өкмөткө жардам бергендин ордуна кырдаалды курчуткан болбойт.

Убактылуу өкмөттү мыйзамдаштыруу маселесин апрель айынын ортосунда укук коргоочулар, жарандык коом өкүлдөрү көтөрүп чыккан. Алар мыйзамдуу иш алып баруу үчүн парламентти өз ордунда калтырууну сунуштаган. Ал арада өткөн айда мурдагы Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн бир даары отурумга чогулган.

Алар Убактылуу өкмөттү тааный турганын бирок ошол эле маалда Конституцияга ылайык, аларды таркатууга учурдагы бийликтин акысы жок экенин, андыктан демейдегидей эле иштей берүүнү чечкен. Ошентип, парламент иштеп атканы менен чын-чынына келгенде алардын функцияларын толугу менен Убактылуу өкмөт аткарууда.

Ал эми А.Мамасалиев жогоруда сөз болгон Убактылуу өкмөттү сотко берүү ниети “Ак жол” партиясынан жалпы пикирин билдирбеген, жеке өзүнүн демилгеси экенин айтты.

XS
SM
MD
LG