Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Бүгүн Алайда жүк ташуучу унаалардын айдоочулары иш таштоону улантышат


Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдирди. Анын айтымында, Ош - Эркеч-Там жолунун боюнда жүзгө чукул айдоочу иш таштап, алар кытайлык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга киргизилишинен улам жумушсуз калып жатканын белгилешип, аларга тыюу салууну, облустагы 6 миң айдоочуну иш менен камсыз кылууну талап кылышууда. Кечээ айдоочулар иш таштоо акциясында Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага кат жолдошконун бирок жооп алыша электигин белгилешип, талаптары аткарылбаса башка акцияларды өткөрүшөрүн айтышты.
Алайдагы айдоочулардын иш таштоо акциясына райондун бийлиги жолугуп, бул маселе республикалык деңгээлде чечилерин билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG