Бүгүн Вашингтондо Ооган президенти Хамид Карзайдын төрт күндүк визити башталды. Хамид Карзай шейшемби күнү Мамкатчы Хиллари Клинтон, кийинки шаршемби күнү президент Барак Обама менен жолугушат. Жакында эле АКШ-Ооганстан ортосунда өкмөттүк башкаруу жана коррупция боюнча жакында болгон ачык кайым айтышуу болгон. Карзай чет өлкөлөрдү былтыр Ооганстанда болгон президенттик шайлоону бурмалады деп күнөөлөп, Ак Үйдү нааразы кылган.