Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Исмаил Исаков президенттик системаны колдойт


Бул тууралуу Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков бүгүн Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева Ошто эл менен жолугушкан учурда билдирди. Ал өкмөттү түздөн-түз президент башкарган жана күчтүү парламент каралган Конституциянын даяр долбоору бар экенин кошумчалады. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактык кабарчысы маалымдады. Роза Отунбаева жолугушуунун башында президенттик башкаруунун кандай экенин мурдагы эки бийлик көргөзгөнүн, Кыргызстанга топтошкон парламенттик бийлик керектигин айткан эле. Ошондой эле ал Кыргызсатндагы азыркы кырдаал, Орусияга иш сапары туурасында айтып берген. Жолугушуу азыр да уланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG