Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Күйүүчү май келип атат, бирок баасы башка болот


Жазгы айдоо иштери кызуу жүрүп жатканда күйүүчү май каат жана кымбат болуп жатканы элди кыжалаат кылууда. Мунайзат продуктулары менен камсыздоо боюнча өлкөдө түзүлгөн абалды "Азаттыкка" Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов түшүндүрүп берди.

- Казакстандан гумжардамга келген 3700 тонна күйүүчү май дыйкандарга толук таратылып берилгени менен жер-жерлерден кайрылган угармандар дизелдик отунга баа өсүп, жерлер айдалбай калганын айтышууда. Күйүүчү майга баа эмне үчүн өсүп жатат?

- Мунун эң негизги себеби - биз Орусиядан алып жаткан күйүүчү майлардын баасы 1-апрелден баштап көтөрүлгөн. Орусия тарап 1-апрелден баштап бизге жогорку суммадагы жаңы экспорттук пошлина киргизди. Биз апрелден баштап кымбаттап кеткениндиктен бир дагы вагон күйүүчү май албай турганбыз. Биздин запастарыбыздын баары түгөнө баштап, Казакстандан келип жаткан кичине партия күйүүчү майлар биздин керектөөбүздү толугу менен камсыздандыра албагандан кийин, биз Орусиядан экспорттук пошлина менен келе турган күйүүчү майларды алганга мажбур болдук.

- Бүгүн Орусиядан күйүүчү майдын биринчи партиясы келиши күтүлүүдө, муну менен күйүүчү майдын баасы бир калыпта кармалып калабы же дагы кымбаттайбы?

- Бүгүн Орусиядан биринчи ири партиядагы күйүүчү май, бензин тобундагы продукциялар Кыргызстандын аймагына келип кирди. Ошондой эле партиялар Павлодардан, Казакстандан биздин өкмөт менен Казакстандын өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү боюнча келе баштады. Ошолордун баардыгы 3-4 күндүн ичинде Кыргызстандагы толук нефтепродукцияларынын базарын толуктап, мурдагы калыпка келип иштей баштайт. Баасын биз азыр айта албайбыз. Келип түшкөндөн кийин биздин нефтетрейдерлер санап, анын наркы канча болот, үстүнө биз канча кошуп сатабыз, анын баарын эртең айтабыз элибизге.

- Мамлекеттик резервдеги дизелдик күйүүчү майдын жарымы суу экен деген маалымат тарады эле. Ушунун чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

- Муну айтып деле көп кереги жок. Мурдагы бийликтин убагында материалдык мамлекеттик резервде 7 жарым миң тонна дизелдик май бар деп айткам. Тилекке каршы, жазгы талаа жумуштары башталганда ошону өкмөт дыйкандарга таратабыз десе, анын жарымынан көбү жок болуп чыкты. Калгандары иштеткенге жарабаган ар кандай суррогаттар менен аралаштырылган күйүүчү май болгондон кийин аны эч ким алган жок.

- Тиешелүү жетекчилерине чара көрүлүп атабы?

- Ал маселе боюнча биздин ассоциация иштебейт. Ал маселе боюнча укук коргоо органдарына кайрылыш керек.

- Орусиядан жардамга келген 25 миң тоннадан башка дагы күйүүчү майларды алып келүү боюнча иш чаралар көрүлөбү?

- Роза Отунбаева Орусияга барганда май айында 25 миң тонна күйүүчү майды чыгарып беребиз деген экен. Андан кийин да токтоп калбайт. Биздин дайыма болуп турган күйүүчү майдын агымы, мурда муктаждыгыбыздын 96 пайызга чейин Орусиядан келген күйүүчү майлар менен биз жаап турганбыз. Ошондой агымдар токтобой, мындан ары дагы июнь, июль айынан баштап андан да көп көлөмдө алып тура турган сүйлөшүүлөргө бардык.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG