Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Ак үйдүн чатырынан ок аткан 8 көзгө атар кармалды


7-апрелде Ак үйдүн чатырынан ок аткан 8 көзгө атар кармалгандыгын Убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров бүгүн Ошто эл менен жолугушкан учурда айткандыгын “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдирди. А.Бекназаровдун айтымында, күч органдарында ок атуу буйругун ким бергени тууралуу маалыматы бар. Бирок бул тергөө кызыкчылыгына байланыштуу азырынча айтылбайт жана алар учурда көрсөтмө берүүдө.

Башкы прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчылары мындай маалымат аларда жок экенин "Азаттыкка" билдиришти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG