Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Коомдук Манас академиясынын жаңы академиктери жана лауреаттары


Коомдук ишмер Чоюн Өмүралиев, Кыргыз эл акыны, “Азаттыктын” кызматкери Шайлообек Дүйшеев, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рыспаев жана "Манас" эпосун иликтөөчү Раиса Кыдырбаева Коомдук Манас академиясынын жаңы мүчөлөрү болуп шайланды. Белгилүү педагог-окумуштуу Советбек Байгазиев “Манас-Ата” сыйлыгы менен сыйланды. Мындан сырткары аталган академия дагы 12 кишини “Айкөл Манас” медалы менен сыйлады. Алардын ичинде “Айтыш” коомдук фондунун жетекчиси Садык Шернияз, "Азаттыктын" редактору Кубат Чекиров, төкмө акын Амантай Кутманалиев жана башкалар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG