Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Дэвид Камерон - Британиянын жаңы премьер-министри


13 жыл оппозицияда болгон консерваторлордун лидерин өлкөнүн жаңы өкмөт-башчысы катары каныша Элизабет Экинчи дайындады жана ага өкмөттү түзүүнү тапшырды. 43 жаштагы Камерон - Британиянын акыркы эки кылымдан берки эң жаш премьер-министри. Шейшембиде лейбористтер партиясынын лидери Гордон Браун премьерликтен кеткенин жарыялаган. Дэвид Камерон өкмөт-башчы катары алгачкы сөзүндө консерваторлор шайлоодо өкмөттү өздөрү кураш үчүн жетиштүү добуш топтой алышпагандыктан, азыр либерал-демократтар менен коалициялык өкмөт боюнча сүйлөшүп жатканын айтты.

"Мен консерваторлор менен либерал-демократтар ортосунда толук жана татыктуу коалиция түзүүгө аракет кылам. Бул бизге азыр аябагандай зарыл болуп жаткан күчтүү, туруктуу жана мыкты иштеген өкмөттү түзүү үчүн жасалчу туура аракет деп ишенем", - деди жаңы премьер-министр.

АКШнын президенти Барак Обама ага телефон чалып, куттуктады жана Камеронду эки өлкө ортосундагы “өзгөчө мамиле” сакталып калат деп ишендирүүгө чакырды. Куттуктоо телеграммалары башка лидерлерден да түшүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG