Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Башкы прокуратура казакстандык кесиптештерине өтүнүч кат жолдоду


Былтыр Алматыда киши колдуу болгон журналист Г.Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишине тиешеси бар делген Кыргызстандын жарандарын тергөө иштерине тартуу боюнча өтүнүч кат Казакстандын Башкы прокуратурасына жолдонду. Бирок алардан азырынча жооп келе элек. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. Ал ошондой эле Г.Павлюктун өлүмүнө шектүү делген Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын техникалык жабдуулар боюнча мурдагы жетекчиси Алдаяр Исманкулов 7-апрелден кийин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетип, азырынча кайда жүргөнү белгисиз экендигин айтты.

Көз карандысыз журналист Г.Павлюк былтыр декабрь айында Алматыда киши колдуу болуп каза болгон. Март айында Казакстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Кордойдогу ички иштер бөлүмүнө суракка чакырып, ага Г.Павлюктун өлүмүнө шектүү делген кыргызстандык үч жарандын сүрөтүн көргөзүшкөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG