Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде апрель ыңкылабында каза болгондордун кыркылыгы өтүп, куран окулду. Иш-чарага убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Азимбек Бекназаров катышты. Азыр анда чогулгандардын айрымдары маркумдарды эскерүү үчүн Ак үйдүн жанына келатышат. 7-апрелде Ак үйдүн жанындагы кандуу окуядан кеминде сексен беш адам окко учкан, дагы миңдеген адамдар жаракат алышкан. Убактылуу өкмөт бул окуя үчүн мурунку бийлик башында тургандарды күнөөлөп, кылмыш ишин козгоду. (EBM)