Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

7-апрелде окко учкандардын кыркылыгы Ысык-Көлдө өткөрүлдү


Өкмөт үйүнүн алдындагы элдик көтөрүлүштө ысыккөлдүк Шабдан Кунакунов, Мырзабек Жумаев, Айбек Сагынов, Таалай Сарыбаев жана Ерлан Жаантаевдин сөөгү “Ата-Бейит” комплексине коюлгандыктан туугандары Бишкекке барып куран түшүрдү. Каза болгон жалпы 9 адамдан төртөө туулган айылдарына көмүлгөн. 12-майда облустун шаар жана район башчылары ошол айылдарга барып, набыт болгондордун кыркылыгына катышты. Облустук акимчиликтин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Айтбаев 16-май күнү да “Аалам Ордо” комлексине 21 боз үй тигилип, ысыккөлдүк баатырларга куран окутулаарын маалымдады.(RB)

XS
SM
MD
LG