Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Араван району 11-майда жүргөн селден 18 миллион сом зыянга учурады


Араван районунун акими Сайдулла Кочкоровдун “Азаттыкка” маалымдашынча, 10-11-майда нөшөрлөп төккөн жамгырдан улам сел жүрүп, ага удаа Араван-Сай дарыясы ташкындап, төрт айыл өкмөтү катуу жапа чекти. Элге таандык 27 гектар аянтка эгилген картошка, тамеки, жүгөрүнү суу жууп кетти. Жалпы чыгым азырынча 18 миллион сом деп эсептелүүдө. Ал эми 12-майдагы кырсыктын кесепеттери али тактала элек. Район башчысы дагы эле коркунуч бардыгын белгилеп, техникалар жетишсиздигин кошумчалады. Өзгөчө кырдаал министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Араван району керектүү техникалар менен камсыз болгон, аны муктаждыгына жараша бөлүштүрүү жергиликтүү бийликтин милдети. (ATo)

XS
SM
MD
LG