Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

М.Бакиевди Латвиянын Ички иштер министри кармоого убада кылды


Бул тууралуу “РИА новости” агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда Латвиянын ички иштер министри Линда Мурниеце бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев божомолдордо айтылгандай Латвияда жүрсө же республиканын аймагынан табылса кармаларын айткан.

10-майда Латвиянын Башкы прокуратурасынын өкүлү Андрейс Васкс Кыргызстандын бийлиги Латвиянын Баш прокуратурасына Максим Бакиевди убактылуу камакка алуу тууралуу документ жөнөткөнүн журналисттерге маалымдаган. Ал ошондой эле Латвиянын Башкы прокуратурасы буга байланыштуу кошумча маалымат берүү өтүнүчү менен кыргыз тарапка кайрылып, Кыргызстандан кошумча тиешелүү документ келгенден кийин укук коргоо органдары М.Бакиевди издөөгө киришкенин билдиргенин РИА Новости агенттиги кабарлады.

Кыргызстандын башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев буга чейин М.Бакиевди кармоо өтүнүчү менен Латвияга кайрылышканын билдирген болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG