Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Баш мыйзамдын долбоору боюнча эл аралык жыйын башталды


“Хаят” мейманканасында өтүп жаткан иш-чарага убактылуу өкмөт башчылары, Венеция коммисиясынын, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү катышууда.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жыйынды ачып жатып конституциялык реформа, баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоору тууралуу маалымат берди. Бул долбоор жер-жерлерде талкууланып жатканын, анда президенттин ыйгарым укуктары кыйла кыскарганын, Кыргызстанда мындан ары бир үй-бүлөнүн башкаруусун орнотууга жол берилбей турганын айтты. Жыйында чыгып сүйлөгөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү конституциялык реформа өлкөдөгү бардык катмардын катышы менен өтүшү керектигин, эң негизгиси Баш мыйзамдын долбоорун эл кабыл алышы керектигин айтышты. Ал арада бүгүн түштөн кийин Конституциялык кеңешме кеңейтилген жыйынга чогулганы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG