Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Ош: К. Бакиевдин жактоочулары обладминистрацияны басып алышты


Оштогу кабарчыбыздын маалымдашынча, бейшембиде мурунку президент Курманбек Бакиевдин беш жүздөй тарапкери облустук администрацияга кирип барышты. Оштун мурунку губернатору Мамасадык Бакиров менен анын орун басарлары да акимчиликке келип киришти. Учурда губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков кайтаруучуларынын коштоосунда имараттан чыгып кетти. Милиция кызматкерлери митингчилерге тоскоол кылбай четтен карап турушат. Облустук администрациянын алдына эртең менен К. Бакиевдин жактоочулары чогулуп, аймактагы жергиликтүү бийликтин азыркы жетекчилеринин токтоосуз кызматтан кетишин, мурунку президент Курманбек Бакиевди бийликке алып келүүнү талап кыла башташкан эле.

Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” бейшемби таңда курган маегинде убактылуу өкмөткө каршы ар кандай күчтөр биригип жатканын билдирди. Бирок алардын максаты ишке ашпай турганын айтып, убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалга бүлүк салынышына жол бербейт, деди Бекназаров.

Талдоочулар болсо азыркы таптагы кайра калыбына келтирилип жаткан демократиялык жараян маалында эркин жыйылуу укугун мурда чектеп келген бакиевчилердин өздөрү да жыйын өткөрүү укугунан пайдаланып жатышканын, бул чара мыйзам чегинен чыкпай жүргүзүлсө, анда ал кадыресе эле көрүнүш экенин билдиришүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG