Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

“Мекен шейиттери” Белорус элчилигинин алдына акцияга чыкты


“Мекен шейиттери” кыймылынын жыйырмадай өкүлү азыр Бишкектеги Белорус элчилигинин алдында пикетте турушат. Алар белорус президенти Александр Лукашенкодон качып кеткен президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Элчиликтен азырынча өкүлдөр чыга элек. Аталган кыймылдын өкүлү Арстанбек Сагындыков Белорустан оң жооп келмейинче ушундай акцияларды ар жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү үзгүлтүксүз уюштуруп турушарын билдирди. Апрелдеги ыңкылапта сексен алты адам өлүп, миңден ашуун киши жаракат алган. Убактылуу өкмөт бул кандуу окуяга мурунку президент К. Бакиевдин түздөн-түз тиешеси бар деп билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG