Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

АКШ жана ооган президенттери биримдигин көргөзүштү


Барак Обама менен Хамид Карзайдын айтымында, АКШ менен Ооганстандын өкмөттөрү “ал-Каиданы” жеңип, коопсуз жана стабилдүү Ооганстанды курууда мурдагыдай эле бирге иштөөгө куштар. Барак Обама Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында белгилегендей, эки өлкө ортосундагы айрым пикир-келишпестиктерди массалык маалымат каражаттары көбүртүп- жабыртып жиберди. АКШ президенти ошондой эле алдыда “оор уруштар” күтүп турганын, АКШ баштаган күчтөр Кандагарды Талибандан тазалоону максат кылган операцияга даярданып жатканынын кошумчалады. Обаманын айтымында, АКШ мурдагыдай Ооганстандан аскерлерин 2011-жылдын июлунан тарта чыгара баштоону мерчемдеп жатат, бирок аскерлер санынын кыскарышы АКШ бул өлкөнү таштап кетет дегенди туюндурбайт.

XS
SM
MD
LG