Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Ошко Исмаил Исаков жөнөп кетти


Коргоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, Оштогу кырдаалды жөнгөрүү үчүн Коргоо министринин милдетин аткаруучу, мурдагы оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаков бейшембиде кечкурун жөнөп кетти. Аны ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков коштоп жүрөт.
Белгилүү болгондой, бүгүн күндүз Ош облусунун мурунку губернатору Мамасадык Бакиров баш болгон адамдардын тобу облустук администрацияга кирип барышкан. Азыркы мезгилде облустук администрация кеңсеси алардын колунда.
Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” азыр убактылуу бийликке каршы күчтөр баш көтөрүп биригип жатканын, бирок алардын өлкөгө бүлүк салуу максаттары ишке ашпай турганын бүгүн түшкө маалкы маегинде билдирген.

XS
SM
MD
LG