Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Нарындык айдоочулар Бишкек-Нарын-Торугарт жолун тосушат


Бул жөнүндө бүгүн Нарын облустук админстрациясына келишкен 18 айдоочу маалымдашты. Алар Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы каттаган кытайлык оор жүк тарткан унааларды токтотуу, Кара-Кечеден көмүр тартууга ыңгайлуу шарт түзүү, унааларды техникалык кароодон өткөрүүдөгү наркты азайтуу жана патенттик салыкты ылдыйлатуу талаптарын коюшту. Талаптар аткарылбаса, алар жакында аталган жолду тосо тургандыктарын билдиришти. Айдоочулар менен губернатордун орун басарларынын милдеттерин аткаруучулар Эмил Алымкулов, Эрлан Сапарбаев жолугушуп бул маселелер мамлекеттик деңгээлде чечилерин, ал эми Ат-Башы районунда курулуп жаткан тейлөө борбору боюнча жакынкы күнү жооп болоорун айтышты. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG