Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Нариман Түлеевди камоого санкция берилди


Бүгүн Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевди камакка алууга санкция берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Улан Дыйканбаев билдирди. Мурдагы мэрге Кылмыш кодексинин кызматтык-ыйгарым укуктарынан аша чабуу (305) беренеси боюнча иш козголду.

Убактылуу өкмөткө каршы Бишкектеги кечээки митингди уюштурууга да Нариман Түлеевдин тиешеси бар экени буга чейин айтылган эле. Бирок Нариман Түлеев бүгүн "Азаттыкка" берген маегинде мындай сөздөрдү четке кагып, Убактылуу өкмөттү укуктук талаага түшө албай, бийлик бөлүштүрүү менен гана алек болуп жатат деп сынга алган. (SM)

XS
SM
MD
LG