Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Түндө “Азаттыктын” Жалал-Абаддагы кабарчысына коркутуу болду


13-майда түнкү саат он бирлерде Жалал-Абад облусунун администрациясынын жанында митинг жөнүндө “Азаттыктын” кабарчысы Ырысбай Абдыраимов Бишкектеги кеңсеге телефон аркылуу маалымат бергенден кийин, анын жанына Курманбек Бакиевдин тарапкерлеринин арасынан 15-20дай адам келип, “Убактылуу өкмөттүн тыңчысы. Жалган маалымат берип жатасың” деп жулмалап, телефонун, диктофонун тартып алууга аракет кылышкан. Алар Ырысбай Абдыраимовду сабай турган болгондо ал жерден араң качып кутулганын билдирди.

Буга чейин мурдагы бийликтин маалында Алай районундагы митингди чагылдырганы бараткан Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаевге да К.Бакиевдин тарапкерлери тарабынан кол салуу болуп, ал араң качып кутулган. 7-апрелде Таластагы митингде кабарчыбыз Жанар Акаевге да митингичилердин арасынан кол салуу болуп, ур-токмокко алынып, видеокамерасын талкалап салышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG