Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

Нарында Убактылуу өкмөттү колдогон митинг болду


Нарын шаарынын борбордук Теңир-Тоо аянтында Убактылуу өкмөттү колдогон 300 гө чукул адам чогулду. Аларга губернатордун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбеков чыгып, бакиевчилерди айыптап, элди тынчтыкка жана биримдикке чакырды. Чогулгандардын баары Убактылуу өкмөттү колдой тургандыктарын билдиришти. Алардын арасынан бир бала гана Нариман Түлеевди колдой тургандыгын билдирип кыйкырды, бирок аны эл четке чыгарып тартипке чакырышты. Айрымдары керек болсо бакиевчилер менен күрөшүү үчүн Бишкекке, Ошко барууга даяр экендиктерин билдирип тарап кетишти. Облуста абал тынч. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG