Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

К. Оторбаев: Ү. Сыдыковдун үнүн жазуу - мыйзамдуу иш


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү жазылган тасма Улуттук телеканалга кандайча түшүп калганын УТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев айтып берди.

- Бүгүн УТРКда “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык негизде жазылган тыңшоолору чыкты. Ушул аудио сиздердин колго кантип түштү?

- Бул биздин колубузга Башкы прокуратуранын санкциясы менен Улуттук коопсуздук кызматы жүргүзгөн ишинин натыйжасында келип түштү. Биз аны биринчилерден болуп бердик. Негизи айтып коюш керек, бул мыйзамдуу, алдын ала санкция берилип, анан жүргүзүлгөн иш экен. Мындай иш дүйнөдө өтө көп тажрыйбаланат, Орусияда жана башка жерлерде.

- Негизи эле УТРКнын маалымат берүү саясатына карата сындар чыгып атат. Мисалы, кечээги эле Түлеевдин тарапкерлери уюштурган митинг бир тараптуу кетти деген сөздөр өңдүү. Ушуга эмне айта аласыз?

- Тескерисинче, мен башкалардан Түлеевди көп берип атасыңар деген пикирлерди угуп атам. Мен айтып коюшум керек, азыр мен сынды бардык тараптан угуп атам. Ошол эле убакта биздин ишибизди колдогондор да көп. "Силер мурдагыга караганда ачык болуп атасыңар, калыс берип атасыңар" деген да пикирди угуп атам. Ошондуктан канча күчтөр болсо ошончо коомдук пикир болот экен.

- Бүгүн Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев УТРКга келе жаткан жеринен кармалды. Аны журналист Эрнис Кыязов маекке чакырган экен, экс-депутаттын кармалышына УТРК кызматкерлеринин тиешеси барбы?

- Биздин эч кандай тиешебиз жок. Жанагы үн тасма чыккандан кийин, биз баланс иретинде менин демилгем менен И.Масалиевди чакырганбыз. Ал ишти албетте саясий, экономикалык маселелер боюнча редакциянын башчысы Эрнис Кыязовго тапшырганбыз. Ал киши эшиктин алдынан тосуп алайын дегенде, И.Масалиев келип, жаңыдан эле студияга кирели дегенде Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери пайда болушуп, өздөрү менен алып кетишти. Бул жерде эч кандай саясат жасоого болбойт. Биздин эч кандай тиешебиз жок бул маселеге.

- УТРКнын Коомдук каналга өтүүсүндө кандай жылыштар бар?

- 7-июнга чейин Коомдук көзөмөл кеңешине кире турган адамдардын курамы аныкталып, анан Убактылуу өкмөттүн кароосуна берилет. Азыркы учурда мүчөлөрдү сунуштоо, жылдыруу иштери жүрүп жатат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG