Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Сузактын Тейит айылында Бакиевдердин үйүн өрттөп кетишти


Бүгүн кечке жуук Убактылуу өкмөттүн миңге жакын тарапкери Жалал-Абаддын Тейит айылына барышып, Курманбек Бакиевге тиешелүү делген үйдү өрттөп кетишти. Мындай маалыматты аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовго аталган айылдын Шарабидин аттуу тургуну тастыктаган. Кичи мекениндеги бул үйдө Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин Казакстанга чыгып кеткенче жашап турган.

Андан кийин Тейит айылына баргандар Курманбек Бакиевдин бир туугандарына тиешелүү дагы эки үйдү өрттөгөнү белгилүү болду.(SM)

XS
SM
MD
LG