Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

«Мекеним Ала-Тоо» кыймылы түзүлдү


Анын түзүүчүлөрү - мурдагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Жумагул Сааданбеков, М. Зулпуев, Базарбай Мамбетов. Бул тууралуу уюштуруучулар «Азаттыкка» билдиришти. Жаңы түзүлгөн кыймыл кайрылуу кабыл алып, кечээ Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан камакка алынган «Жаңы Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Ү.Сыдыковдун өлкөдө баш аламандык уюштурууга жетекчилик кылганы айыпталып, анын күнөөсү кечиримсиз экени айтылат.

Ү.Сыдыковго Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси боюнча "массалык баш аламандыкты уюштуруу" деген негизде иш козголгон. Ү.Сыдыков кармалып, суракка алынып жаткандыгын кечээ "Азаттыкка" баш прокурор Б.Ибраев билдирген. (GA)

XS
SM
MD
LG