Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Таиландда полиция демонстранттарга каршы ок ачты


Өлкө борбору Бангкокто өкмөткө каршы демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн ушул бейшембиден берки кагылыштардан бери дегенде 16 кишинин өмүрү кыйылды. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун тараптарды көчө уруштарын токтотууга чакырды. Жаатташкан эки жакты сабырдуулукка Кошмо Штаттар да үндөдү. Бангкокто “кызыл көйнөкчөндөр” деп аталгандардын демонстрациялар соңку эки айдан бери өтүп жатат. Көчөгө чыккандар азыркы өкмөттүн кызматтан чегинип, жаңы шайлоо жарыялануусун талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG