Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

АКШ жана Орусия Иран санкциядан кутула аларына күмөнсүнөт


Орус президенти Дмитрий Медведев бразилиялык кесиптеши Луис Инасио Лула да Силванын Иранды ынандыруу мүмкүнчүлүгүн 30% деп баалады. Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Тегеран Улуттар уюму санкциялардын төртүнчү айлампасын кабыл алганга чейин өзөктүк программасы боюнча айтылып жаткан тынчызданууларга олуттуу мамиле кыларынан шек санарын айтты. Бразилия президенти Иранга аны өзөктүк отунду алмашуу боюнча келишимди кабыл алууга көндүрүү үчүн дипломатиялык миссия менен эртең келген жатат. Анын сапары Ирандын өзөктүк программасына байланышкан туңгуюктан чыгуудагы акыркы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG