Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Аянттан “Эркиндик” эстелигин алуу аракети болду


15-майда “Кыргыз эл” биримдиги, “Ак шумкар кут” жаштар биримдиги, “Кырк кыз” жана “Манас эл” кыймылдары, “Бакдөөлөт”, “Манас ата” жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү Ала-Тоо аянтындагы “Эркиндик” эстелигин алуу аракетин көрүштү. Бирок аларга коомдук тартипти коргоо бирикмелери жана 1-май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тоскоол болушту. “Эркиндик” эстелиги мыйзамсыз жана катталбаган деген жүйө менен жүздөн ашуун киши Убактылуу өкмөткө кат жолдошту. Чогулгандардын алдына 1-май районунун акими Аскарбек Алиев келип, бул маселени мыйзам чегинде чечүүнү сунуштап, элдин атынан Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев баштаган өкүлдөрдү Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловго кат тапшыруу үчүн алып кетишти.

“Эркиндик” эстелигинин автору Кыргыз эл баатыры, белгилүү скульптор Тургунбай Садыков.

XS
SM
MD
LG