Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

БУУнун баш катчысы Кыргызстандагы тараптарды сабырдуулукка чакырды


Баш катчы Бан Ки Мун Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мамлекеттик администрацияларды басып алуу адам өлүмү менен катар эле зордук-зомбулук менен коштолгонуна тынчсыздануусун билдирген. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Улуттар Уюмунун баш катчысынын расмий өкүлү Мартин Несиркенин билдиргенине караганда, баш катчы бардык тараптарды маселени сүйлөшүү жана тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат.

Өткөн айдын башында БУУнун катчысы Бан Ки Мун Кыргызстанга расмий сапар жасап, өлкөнүн мурунку жетекчилигин адам укуктарын урматтоого чакырган. (GA)

XS
SM
MD
LG