Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Азербайжанда оппозиция активистеринин жыйыны күч менен таратылды


Бакудан түшкөн кабарларга караганда, кечээ азери полициясы эркин жыйналуу жана эркин шайлоо өткөрүү талабы менен уруксат берилбеген нааразылык акциясына чогулган ондогон активисттерди кармаган. Ассошейтед пресс агенттиги полиция демонстранттарды таратуу үчүн абдан тез аракеттенгенин кабарлады. Азербайжадагы парламенттик шайлоо ушул күздө өтүшү керек. Адам укугун коргоочу топтор азери өкмөтүн оппозициячыл уюмдар менен көз карандысыз маалымат каражаттарын муунтуп жатканы үчүн сынга алып жүрөт.

XS
SM
MD
LG