Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Ошто Исхак Масалиевдин тарапкерлери пикетке чыкты


Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдин элүүгө чукул таламдашы анын 13-майдагы окуяга тиешеси жоктугун, жүйөөсүз камалгандыгын, чынчыл депутат экендигин баса белгилеп, абактан токтоосуз бошотуу талабы менен Ош шаарынын борбордук аянтына чыгышты. Алар суранычы орундалбаса, мөөөнөтсүз баш ийбөө акцияларын жарыялашаарын эскертишти. Ошондой эле булардын катарына өлкөнүн булуң-бурчунан миңдеген тургундар кошулаарын айтышты. Акырында коммунисттер кайрылуусун Ош облус губернаторуна жана Убактылуу өкмөттүн түштүк боюнча өкүлү Исмаил Исаковго тапшырышты.

Азырынча Убактылуу Өкмөт тарабынан жооп жок. Ал эми облустук бийлик ырасташынча, коммунисттердин талабы Бишкекке жеткирилди.

Таратылган Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев өлкөдөгү соңку баш-аламандыктарга тиешеси бар делип, кечээ камакка алынган. (ATo)

XS
SM
MD
LG