Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

И.Масалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү каралат


Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук угуу болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан коммунисттер партиясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, И.Масалиев 14-майда камакка алынган. Ал - өлкөдөгү соңку баш-аламандыктарды уюштурууга катышы бар делип шектелүүдө. Буга чейин анын “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыков менен соңку окуялар боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү маалымат каражаттарында чыгып кеткен болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG