Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:53

Ысык-Көлдө 7-апрель окуясын эскеришти


Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын жашоочусу Эрмек Тойчубеков “Азаттыкка” маалымдагандай, бүгүн Тоң районундагы “Аалам Ордо” комплексинде 7-апрелде окко учкандар эскерилип, “Аалам Ордонун” жанынан өтчү чоң жолдун боюна тургузулган эстелик ачылды. Эстеликтин ачылышына жана 7-апрелде окко учкандарды эскерүүгө миңге жакын адам катышты.

Эстеликтин бетинен хан сарайды коргоп аткан ажыдаардын сүрөтүн жана аны менен салгылашып аткан жигиттердин сүрөтүн көрүүгө болот.

Ал эми Каракол шаардык драма театрынын артисттери чогулгандарга 7-апрелдеги окуяны чагылдырган драма коюп беришти.

Айта кетсек, аталган “Аалам Ордо” комплексинин ээси парламенттин мурдагы депутаты, белгилүү меценат Ташкул Керексизов. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG