Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Иранда бошотулган француз аял мекенине жөнөп кетти


Француз тилинен сабак берген Клотильда Рейсс былтыр июлдагы элдик толкундоолор учурунда кармалган эле. Иран бийликтери аны тыңчылык кылганы жана ошол нааразылык акцияларына аралашкандыгы үчүн айыпташкан. Анын адвокатынын билдиргенине караганда, 285 миң доллар айыппул төлөгөндөн кийин сот Рейсстин Иранда кетүүсүнө жол ачкан чечим чыгарды. Былтыр жайдагы ири нааразылык акциялар калктын бир бөлүгү азыркы президент Махмуд Ахмадинежад жеңүүчү деп жарыяланган шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондугу менен байланыштуу. Француз жаранынын Иранда кармалышы Париж менен Тегарандын мамилесиндеги чыңалууну күчөткөн.

XS
SM
MD
LG