Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Таиландда кагылышуулар уланууда


Бангкоктон түшкөн соңку кабарларга караганда, бүгүн кайра жанданган кагылышта армия “кызыл көйнөкчөндөр” деп аталган демонстранттардын экөөсүн атып салды. Муну менен ушул бейшембиден берки кагылыштарда кеминде 25 адамдын өмүрү кыйылды. Кечээ аскерлер демонстранттарга каршы чыныгы окторду колдонсо, “кызыл көйнөкчөндөр” май куюлган бөтөлкөлөрдү, колго жасалган ракеталарды пайдаланды. Өлкө бийликтеринин билдиргенине караганда, “кызыл көйнөкчөндөр” ээлеп алган аймактан жаш балдарды, аялдарды, кары –картаңдарды эвакуациялоо үчүн ал жакка Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрүн киргизүү аракети жасалууда. Азыркы өкмөт башчы кызматтан чегинип, жаңы шайлоо жарыялануусун талап кылган “кызыл көйнөкчөндөр” Бангкокто топтолгонуна эки айдан ашып калды. Кагылыштар ушул бейшембиде Таиланд армиясынын оппозицияга тарапка өтүп кеткен мурдагы генералы башына ок жеп, жаракат алган соң күчөдү.

XS
SM
MD
LG