Линктер

жекшемби, 22-январь, 2017 Бишкек убактысы 09:53

Ош шаарындагы орус дипломаты каза болду


Орусиянын Ош шаарындагы генералдык консулу Мухамаджан Зигнашин бүгүн таңда капысынан жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виктор Харченко билдирди. Анын айтымында, эртең маркумдун сөөгүн анын апасы жашаган Ташкент шаарына алып кетишет.

Дипломаттын капысынан көз жумушуна байланыштуу Орусия элчилиги маркумдун жакындарына көңүл айтат. Орусиянын Ош шаарындагы генералдык консулу М.Зигнашин 59 жашта болчу. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG