Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Ү.Сыдыковдун он чакты тарапкери пикетке чыгышты


Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун он чакты тарапкерлери келип, ал жерде турган Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдин тарапкерлеринин жанында пикет өткөрүүгө аракет кылышты. Бирок И.Масалиевдин тарапкерлери аларды пикет өткөртпөй, Ү.Сыдыковдун айынан ушундай иштер болуп атканын айтышып, Ү.Сыдыковдун адамдары колдорундагы кагаздарын жыйнаганга аргасыз болушту. Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз маалымдагандай, чогулгандарга ондогон милиция кызматкерлери байкоо салып турушат.
Буга чейин эки жүз чамалуу И.Масалиевдин тарапкерлеринин жанына Убактылуу өкмөттү колдогон “Ала-Тоо” кыймылынын элүүдөн ашуун адамы барып, аларды таркоого үндөгөн болчу.

Эскерте кетсек, мындан эки-үч күн мурда Ү.Сыдыковдун баш аламандыктарды уюштуруу боюнча телефондон сүйлөшүүлөрү теле-радиолорго чыгып кетип, ал Ош шаарына барган учурунда кармалган. Анын телефондон сүйлөшүүлөрүндө Ошко барган убактылуу өкмөт мүчөлөрүн барымтага алуу, куралчан адамдар менен мамлекеттик администрация имараттарын басып алууга көрсөтмөлөрдү берген учурлары бар. (IJz)

XS
SM
MD
LG