Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Кемерово облусуна караштуу Междуреченск шаарында жекшемби күнү «Распадская» шахтысында мерт болушкан көмүр казуучулардын алтымыш алтынчысынын сөөгүн жерге коюшту. Дагы 24 көмүр казуучунун дайыны эмдигиче билине элек. 9-майда жарылуулардан жараат алышкан 76 шахтер жергиликтүү жана Маскөөнүн ооруканаларында дарыланып атышат. 15-май түнү Междуреченск шаарынын тургундары ал жерден өтчү темир жол түйүнүн тосуу менен нааразылык акциясын уюштурган. Аларды милиция кармап жана кууп таркаткан.



Междуреченск шаарында шахтерлор 15-май түнү темир жолду тосуп, алар ОМОН менен кагылышкан. Акцияга чыккандар арасынан 28 киши кармалган. Иликтөө комитети - алардын үстүнөн кылмыш иштери козголот, жол тосуу маалында Новокузнецк-Абаканга бараткан 20га чукул поезддин жол жүрүүсү үзгүлтүккө учурагандыгын билдирген.

Бийлик 28 жарандын экөө гана “Распадская” шахтысында иштейт - калганы жумушсуздар же башка жактан келгендер деп, ал эми Кемерово акими Аман Түлеев аларды кайсы бир күчтөр шахтерлорду көкүтүү үчүн жиберген деп айткан. Шахтыда көмүрдү көп өндүрүш үчүн атайылап коопсуздук чараларын бузуу болуп турарын шахтер Борис Левко айтат:

- Метан (жарылуучу зат – ММ) бар же жок экенин көрсөтүп туруучу апараттын үстүн желим баштык же кемсел менен чүмкөп коюп иштөө болот, эмне дегенде, көмүрдү канчалык көп казсаң алган акың ошоночо көп болот, – дейт.

15-майда шахтерлордун сөөгүн жерге берилгенден кийин Междуреченск шаарынын тургундары митинг өткөрүштү. Шахтынын ичинде жарылуу болгон 9-майдан бери от алоолонуп, ал жакта калган көмүр казуучуларды куткарууга мүмкүндүк бербөөдө. Адистердин айтымында, оттун өчүшү, бери дегенде, дагы бир аптага барат.

Кузбасста пайда болгон жагдайга серп салган укук коргоочу Лев Пономарев:

- Калктан бийлик абдан алыста калган. Карапайым эл жана оппозиция менен бийликтин байланышы жок. Буга окшогон кыйын учурларда оппозициянын лидерлери чечүүчү мааниге ээ. Жанына баткан адамдардын көчөгө чыгуусу учурунда алар менен тил табышууга оппозиция лидери кедерги болуп бере алат, - дейт.

Ангыча эле Кузбасста шахтерлордун борбордук штабы уюшулганы айтыла баштады. Ал президент Д.Медведевдин атына кайрылуу жасаган. Ал жерде: Междуреченскиде кармалган шахтерлорду бошотуу, нааразылык акцияга катышкандарды аңдуу ишин токтотуу, пайданы арбын тапкан шахтыларда көмүр казуучулардын маянасын үч эсеге көбөйтүү, Междуреченскиге киргизилген ИИМ күчтөрүн чыгарып кетүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен шахтерлордун жолугушууларын өткөрүү жөнүндө талаптар коюлган. Бул талаптар ишке ашпаса 21-майдан тартып жаңы акцияларды уюштуруу жагы эскертилген.

Кечке жуук ИНТЕРФАКС таркаткан маалыматта 14-майда уруксаты жок митинг уюштурган Елена Першина «ачык катка» анын тобунун тийешеси жоктугун билдирген
XS
SM
MD
LG