Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Индияда үч кыргыз балбан коло медаль алды


Нью-Дели шаарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык 120 киллограмм салмактагы спортчу Айал Лазарев 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Жеңил салмактагы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев менен Калыбек Жолчубеков да коло байгелүү болушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Олимпиада комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Кабыл Макешов билдирди. Анын айтымында, Индиядагы Азия чемпионатына отуздан ашуун өлкөнүн спортчулары катышты. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG